БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жекшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жааса, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй аймагында +19…+24, Таласта +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23, Ысык-Көл өрөөнүндө +17...+22, Нарын жергесинде +16…+21 градус болот.
Күндүн табы баш калаа Бишкек менен Ош шаарында +21…+23 градусту көрсөтөт.