Пресс-борбор

Министрдин орун басары: кооперациялык долбоорлор — ЕАЭБдин чоң жетишкендиги

Кооперациялык долбоорлорду түзүү маселелери 2022-жылы, Кыргызстан ЕАЭБге төрагалык кылган учурда, алдыга жылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кооперациялык долбоорлор — Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) эң чоң жетишкендиги. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда Евразиялык экономикалык форумдун жыйынтыгы менен өткөн видеокөпүрө учурунда билдирди.
Анын айтымында, 10 жыл ичинде ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин кооперациясы башталган жаңы деңгээлге чыкты.
"Кооперация маселелери дайым талкууланып келген, бирок реалдуу саясий чечим жок эле. 2022-жылы, Кыргызстан биримдиктин органдарында төрагалык кылган учурда, бул маселелер активдүү көтөрүлдү, ишти президенттердин деңгээлинде баштоо чечими кабыл алынган, кооперациялык долбоорлорду каржылоо жаатындагы документтерге өзгөртүүлөр киргизилди", — деди Малаев.
Ал экономиканын ар секторундагы тармактардын кооперациясы интеграциялык процесстерди жакшыртарын белгиледи.
"Кооперация жүрүп, биргелешкен өндүрүштүн активдешүүсү — бул импортту алмаштыруу жана товар жеткирүүгө байланышкан маселелердин реалдуу чечилишине өтүү. Бүгүнкү күндөгү талуу маселелердин баары жолго коюлат. Кыргызстан келечекте бюджеттин, бажы алымдарынын эсебинен кооперациялык долбоорлорду каржылоону карап жатат. Мындан тышкары, экономиканын багыттарын кеңейтүүгө көңүл буруп жатабыз, бул — биринчи кезекте агроөнөр жай комплекси", — деди министрдин орун басары.
Акылбек Жапаров: ЕАЭБ экономикалык борбор катары өзүн көрсөтө алды