Кыргызстандын коопсуз өлкө болушуна умтулам. Жапаров Италия президенти менен жолукту

Өлкө башчы бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жыл ичиндеги биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп саналарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстанды ар бир жаран жана чет өлкөлүк, ал тургай чет өлкөлүк инвестор өзүн толук коопсуз сезип, өз ишин тынч жүргүзө ала турган өлкөгө айлантууга умтулам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Италияга болгон иш сапарынын алкагында өлкө башчысы Серджо Маттарелла менен жолугушууда билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров Италияга болгон иш сапарынын алкагында өлкө башчысы Серджо Маттарелла менен жолугушту

2 / 2

Маалыматта КР президентин жылуу тосуп алган Маттарелла ага Римге жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга кошумча дем берет деген ишенимин билдиргени айтылат

Эскерте кетсек, Жапаров расмий сапары менен аталган мамлекетке бүгүн учуп кеткен.
Маалыматта КР президентин жылуу тосуп алган Маттарелла ага Римге жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга кошумча дем берет деген ишенимин билдиргени айтылат.
Италия президенти Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында Кыргызстан менен Италиянын өз ара аракеттенүү маселелерине токтолуп, эл аралык мамилелер системасын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеген.
Жапаров өз кезегинде Маттареллага Италияга чакырганы жана кыргыз делегациясына көрсөтүлүп жаткан меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал белгилегендей, бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жыл ичиндеги биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп саналат. Буга чейин мамлекеттер аралык байланыштар БУУ жана ЕККУ багыты боюнча иш-чаралардын алкагында тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги байланыштар менен гана чектелип келген.
Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу жана жалпысынан Италияга болгон расмий сапары кыргыз-италиялык мамилелердин тарыхында жаңы баракты ачат, деген ишенимин билдирди. Ал өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн потенциал абдан чоң экенин айтты.
"2021-жылдан тартып реформалар өлкөнүн жашоосунун дээрлик бардык негизги багыттарында жүргүзүлүүдө. Мен Кыргызстанды ар бир жаран жана чет өлкөлүк, ал тургай чет өлкөлүк инвестор өзүн толук коопсуз сезип, өз ишин тынч жүргүзө ала турган өлкөгө айлантууга умтулам. Салык мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында өлкөдө либералдуу салык режими иштеп жатат", — деген Жапаров.
Тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер тууралуу да пикир алмашканы айтылды.
Президент Жапаров Серджо Маттарелланы өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.
Садыр Жапаров менен биринчи айымды Рим кантип тосуп алды. Видео