Саткан сапатсыз товарын кайра албай койгондордун айып пулу арбыйт

Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстанда товардын акчасын кайтаруудан баш тарткандарга айып пулду үч эсеге көбөйтүү каралууда. Экономика министрлиги бул жааттагы мыйзам долбоорун парламентке киргизди.
Министрликтен керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү максатын көздөп жатканын айтышты.
Муну менен кепилдик берилген тейлөө мөөнөтүнөн жана сапатсыз товарды алмаштыруудан баш тарткан жеке жактар үчүн айып пул 15 миң сом (азыр 5 миң сом), юридикалык жактарга 51 миң сом (азыр 17 миң сом) болору белгиленген.
Мыйзамга дагы төмөнкүдөй сунуштар киргизилген:
өлчөөдөн, эсептөөдөн алдаган жеке жактар 16,5 миң сомго (азыр 5,5 миң сом), юридикалык жактар 51 миң сомго (азыр 17 миң сом) айыпка жыгылат;
товарды сатууда таңгакта көрсөтүлгөн баадан жогору сатса — жеке жактарга 3 миң сом (азыр 1 миң), юридикалык жактарга 15 миң сом (азыр 5 миң) айып салынмакчы;
баа сом менен жазылбаганы үчүн — жеке жактарга 3 миң сом (азыр 1 миң), юридикалык жактарга 15 миң сом (азыр 5 миң) айып салынмакчы.
Салыктын эки түрүнүн теңин жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталды. Эмне өзгөрөт?