Кыргызстан менен Италия соттолгондорду өткөрүп берүүнү макулдашты

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Жорджа Мелони менен сүйлөшүп, макулдашууларга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле инвестиция, энергетика, транспорт, логистика, туризм жана башка негизги багыттар боюнча кызматташтыктын келечеги боюнча пикир алмашуу болгон.
Жапаров бүгүнкү күндө башкы милдеттердин бири эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана чет элдик инвестицияларды тартуу экенин, бул жагынан Италия Кыргызстан үчүн келечектүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналарын белгилеген.
Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:
Кыргызстан менен Италиянын ортосунда экстрадициялоо жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Италия өкмөтүнүн ортосундагы аудиовизуалдык продукцияны биргелешип чыгаруу жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстан менен Италиянын Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
Кыргызстандын коопсуз өлкө болушуна умтулам. Жапаров Италия президенти менен жолукту