Бишкектиктер курулуш таштандыларын качан чыгарса болот? Юристтин кеңеши

Юристтин курулуш таштандысын атайын компаниялар чыгарышы керектигин эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкекти көрктөндүрүү боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирип, ага ылайык, эми үйдөгү курулуш жана ири өлчөмдөгү таштадыларды саат 19:00дөн 24:00гө чейин чыгарууга уруксат берилет. Бул тууралуу юрист Владимир Плужник Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
"Ошону менен чогуу Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырган "тынчтык жөнүндөгү мыйзамды" эстен чыгарбашыбыз керек. Анда саат 23:00дөн кийин шаарда тынчтыкты сактоо зарылдыгы айтылган. Теория боюнча, мыйзам кабыл алына элек, бирок эрежелер ишке кирип калды. Мындай карама-каршылык эртели-кеч чечилет деп ойлойм", — деген Плужник.
Ал курулуш таштандыларын лицензиясы бар атайын фирмалар чыгарышы керектигин эске салган.
"Таштанды челектери турак жайларга 20 метр жакын эмес, 100 метр алыс эмес жерге орнотулушу керек. Бирок айрым учурда жай табылбай калса (үйлөр жыш жайгашкан учурда), таштанды челектерин атайын комиссиянын чечими менен үйдөн беш метр алыстыкта койсо болот", — деген юрист.
Жаңы тартипке ылайык, таштандыны челектердин жанына таштап кетүүгө тыюу салынат. Эреже бузгандарга беш миң сомго чейин айып салынмакчы. Эгерде таштанды челектери толуп, ыргытууга жер жок болсо, анда таштандыңызды бул жерге таштабай, башка жерге алып барууга туура келет.
Бишкектин бийлиги шаардыктарга өтүнүч менен кайрылды