Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анын айтымында, мекеме билимдин жана инновациянын борборуна айланат.
"Бүгүн биз институттун курамын жана кызмат ордун бекитебиз. Ал биздин агроөнөр жай жаатындагы саясатыбыздын өнүгүшүнүн жаңы этабы болуп каларына ишенем. Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз тамак-ашка жетүүсү үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылышыбыз керек. Бул биздин жалпы милдетибиз. Институтту түзүү агрономия жана ветеринария тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө гана эмес, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологияларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет", — деди Төрөбаев.
Азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны киргизүү үчүн эл аралык уюмдар жана илимий мекемелер менен активдүү кызматташуу пландалып жатканы белгиленди.
Мишустин: ЕАЭБдин артыкчылыгы өзүн азык-түлүк менен толук камсыздаганында