Диетолог арыктоону каалаган жашы 40тан жогорку курактагы адамдарга кеңеш берди

40 жаштан кийин салмактын көбөйүшүнө гормоналдык өзгөрүүлөр таасир берет, бул куракта тамактануу тартибин өзгөртүү да кыйынга турат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. 40 жаштан ашкандарга арыктоо кыйын. Диетолог Андрей Бобровский Sputnik радиосуна курган маегинде адистерге арыктоо үчүн кеңеш сурап көбүнчө 40тан өткөндөр кайрылышарын айткан.
Дарыгердин айтымында, бул куракта салмакты өз алдынча азайтуу аракеттери мурдагыдай, 20-30 жаштагыдай жыйынтык бербейт.

"Адегенде арыктайм деген адам бул үчүн адистин жардамы керек экенин түшүнүшү зарыл. 40 жаштан кийин салмактын көбөйүшүнө гормоналдык өзгөрүүлөр таасир берет. Калориясы аз тамактар менен тамактанып айрымдар арыкташы мүмкүн, бирок убакыт өткөндө кайра эле толуп кетет. Буга биздин тамактануу тартибибиз да таасир берет, кырктан кийин аны өзгөртүү бир топ оор. Толуп кетүүнүн дагы бир себеби – тамак-ашты курсак тойгуза турган азык катары эмес, рахат тартуулоочу нерсе катары кабылдоо. Ошондой эле бул курактагылардын каалаган азыкты сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар", – деп белгиледи Бобровский.

Анын айтымында, 40тан өткөндөр арыктоону чечсе дароо диетологго кайрылганы туура.
"Мисалы, кайрылган киши биринчи жолу арыктоо аракетин көрүп жатса, бирок канында холестерини көп, кан басымы жогору болсо, анда ага үйдөн эле калориясы аз азыктар менен арыктоо сунушталат. Ал эми буга чейин бир нече жолу арыктоо аракетин көргөн, көбүнчө ашыкча салмак менен жүргөн адам болсо, анда адистин жардамы түздөн-түз керек, ал семирүүнүн себебин изилдеп көрөт. Андан кийин гана арыктоонун жол-жобосун жазып берет, процесс адистин көзөмөлүндө да жүргүзүлүшү мүмкүн. Учурда бул курактагылар үчүн жакшы жыйынтык берип жаткан ыкма тайпа менен өткөрүлгөн психотерапия болууда", – деген Бобровский.
Диетолог магнийдин жетишсиздиги кандай ооруларга кептей турганын түшүндүрдү