Кыргызстанда карылардын саны 24%га өстү. Статистика

Учурда республикадагы карылардын саны 666 миң адамды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстанда соңку беш жылдын ичинде карылардын саны 24 пайызга, тагыраагы, 127 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2024-жылдын жыл башына карата эмгекке жарамдуу курактан өткөн кыргызстандыктардын саны 666 миңге жеткен. Бул республикадагы калктын тогуз пайызын түзөт. Алардын ичинен 63 жаштан жогорку куракта 214 миң киши, 58 жаштан жогорку куракта 451 миң адам бар.

"Карылардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Алардын саны эркектерден 2,1 эсе көп. Бул факт аялдардын жашоо узактыгы менен түшүндүрүлөт. Статистика боюнча, өлкөдө аялдар орто эсеп менен 76,5 жашка чейин жашаса, эркектер 68,2 жашка чейин өмүр сүрөт", — деп айтылат маалыматта.

Мындын тышкары, айымдар пенсияга эркектерге салыштырмалуу беш жыл эрте (аялдар 58 жаштан болсо, эркектер 63 жаштан) чыгарын эске алуу керектиги айтылган.
Садыр Жапаров карыяларды куттуктап, пенсия боюнча кеп козгоду