ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери почта маркаларын жүгүртүүгө киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бүгүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Еревандагы жыйынынын алкагында Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 10 жылдыгына карата почта маркаларын чыгаруунун расмий аземи өттү.
Салтанатка Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын өкмөт башчылары: Никол Пашинян, Роман Головченко, Олжас Бектенов, Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин катышты.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын катышуусунда атайын почта маркаларынын биринчи чыгарылышы 2015-жылы болгон. Экинчиси 2019-жылы биримдиктин беш жылдыгына арналды. Үчүнчүсү 2022-жылы ЕЭКтин 10 жылдыгына туш келди. Учурдагысы — төртүнчү чыгарылышы.
Мишустин: ЕАЭБ интеграциялык долбоор катары ийгиликтүү болгонун көрсөттү