Мишустин: ЕАЭБдин артыкчылыгы өзүн азык-түлүк менен толук камсыздаганында

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин артыкчылыктарынын бири — өзүн-өзү азык-түлүк менен жогорку деңгээлде камсыздай алганы. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо зарыл. Анткени ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоочуларына сапаттуу, пайдалуу жана ар түрдүү тамак-аш жеткиликтүү болушу керек.
“Евразиялык экономикалык биримдиктин артыкчылыктарынын бири — өзүн-өзү азык-түлүк менен толук камсыздай алганында. Ошентсе да азык-түлүк коопсуздугу, үрөнчүлүк, генетика жана башкалар боюнча иштерди улантышыбыз керек”, — деди Мишустин.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери почта маркаларын жүгүртүүгө киргизди