Япониянын 102-өкмөт башчысы Сигэру Исиба болду

Кечирээк премьер-министрге талапкерди Жогорку палата карайт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Япония парламентинин Төмөнкү палатасы башкаруучу Либералдык-демократиялык партиянын төрагасы Сигэру Исибаны премьер-министрликке дайындады. Шайлоонун жүрүшүн бул Күн Чыгыш өлкөсүндөгү негизги телеканалдар алып бергенин РИА Новости жазды.
Төмөнкү палата партиялар сунуштаган талапкерлердин ичинен ылайыкташтырып тандайт. Адатта алар саясий бирикмелердин лидерлери болот.
Башкаруучу коалициянын көпчүлүгүн Либералдык-демократиялык жана "Комэйто" партиясынан келгендер түзөт. Шайлоонун жыйынтыгы менен Исиба 461 добуштун ичинен 291ин алган.
Бул процесс чатаксыз өткөн эмес. Оппозициялык "Рэйва Синсэнгуми" партиясынын өкүлү Акико Ооиси добуш берилип жаткан учурда ага катышпастан, бир нече талаптар жазылган плакатты көтөрүп турган. Анда жыл башында зилзаладан жабыркаган Ното жарым аралын калыбына келтирүү үчүн бюджетин кабыл алуу талабы жазылган. Депутат айым башкалардын "шайлоого тоскоол болбоңуз" деген чакырыктарына көңүл бурган эмес.
Кечирээк премьер-министрдин талапкерлигин Жогорку палата карайт.
Шаршемби күнү эртең менен Фумио Кисидо башында турган өкмөт толугу менен отставкага кеткен.
Жаңы шайланган өкмөт башчы менен жаңы курамды көп узатпай эле император Нарухито бекитет. 4-октябрда маанилүү деген министрликтин башчылары менен премьер эки палатанын алдына чыгып, программаларын кеңири айтып беришет. 7-октябрда дебат учурунда өкмөттүн жаңы келген мүчөлөрүнө эл өкүлдөрү суроолорун беришет. Ал эми 9-октябрда маанилүү деп эсептелген Төмөнкү палатанын тарашы күтүлүүдө. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 27-октябрда өтмөкчү.
Сигэру Исиба 67 жашта, быйылкы жылдын 27-сентябрынан тарта Либералдык-демократиялык партиянын төрагалыгын аркалап турган.
Япониянын премьер-министри Фумио Кисидо Астанага барбай калды. Себеби