ЕАЭБ өкмөт башчылары транспорттун үч жылдык жол картасын бекитишти

Документ ЕЭК менен транспорт жаатындагы тиешелүү органдардын биргелешкен аракеттерин аныктамакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринин 2024-2026-жылдарга карата транспорттун жол картасын бекитти. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Документке Еревандагы бүгүнкү жыйында кол коюлган. Ал буга чейинки 2018-2020 жана 2021-2023-жылдардагы жол карталардын уландысы болуп саналат. Документке ЕАЭБ мамлекеттеринин Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк багыттары боюнча транспорттук инфраструктурасынын кууш жерлеринин тизмеси жана аларды жоюу жолдору кирди", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчылары комиссияга жана тиешелүү тараптарга транспорттук интеграциянын бир катар маанилүү багыттары боюнча консультацияларды улантууга тапшырма беришкен.
Акылбек Жапаров: ЕАЭБ экономикалык борбор катары өзүн көрсөтө алды