Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сүйлөшүүлөр жүрүшү керек. АКШда атайын операция боюнча билдирүү жасалды

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Россиянын аскерлери Донецкидеги операцияда өтө тездик менен алдыга жылууда. Бул тууралуу Пентагондун башчысынын эл аралык коопсуздук боюнча мурдагы жардамчысы Час Фриман Dialogue Works YouTube каналындагы маегинде билдирген.
"Эгер Донецк облусунда (ДЭР. — ред.) болуп жаткан окуяларды карай турган болсок, орустар бул жаңжалда болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта илгерилеп жатканын көрөбүз", — деди ал.
Эксперттин айтымында, фронттун кыйрап жатканын украин маалымат каражаттары да моюнга ала баштады.
"Сүйлөшүү столунда отургандар согуш талаасында жоготкондорун кайтарып алган учур болгон эмес. Ошондуктан сүйлөшүүлөр жүрүшү керек жана ал Россия койгон шарттардын негизинде болот", — деп жыйынтыктаган Фриман.
Өткөн аптада ДЭРдин башчысынын кеңешчиси Игорь Кимаковский Покровск аймагында Украинанын коргонуусу бузулуп жатканын, орус аскерлери шаардан бир нече чакырым алыстыкта экенин билдирген.
Покровск — ДЭРдин түндүк-батышындагы облустук борбор. 2022-жылга карата шаардын калкынын саны 61 миңден ашкан. Шаарда чоң темир жол түйүнү бар, ал аркылуу Донецкини Украинанын Днепропетровск облусу менен байланыштырган автомагистралдар өтөт. Мындан тышкары, Покровск аркылуу ДЭРдин түндүгүндөгү Киев көзөмөлдөгөн шаарлар — Краматорск жана Славянск менен темир жол байланышы бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Конгрессте Зеленскийдин талаптары эми мурдагыдай аткарылбай турганы айтылды