12 киши асылган, үчөө өмүр бою кесилген. Нюрнберг процессинин видеосу

1946-жылы 1-октябрда Улуу Ата Мекендик согуштагы нацисттик кылмышкерлердин айыбын аныктап, өкүм чыгарган Нюрнберг процесси — сот соңуна чыккан.
Sputnik
Аны СССР, АКШ, Улуу Британия, Франция жана Антигитлердик коалицияга кирген дагы 19 мамлекет түзгөн трибунал өткөргөн.
Сотко СССРден катышкан башкы прокурор, генерал Р. А. Руденко адилеттүүлүк орноп, кылмышкерлердин жазаланышы зарылдыгын баса белгилеп сүйлөгөн.
"Фашисттик террордун миллиондогон айыпсыз курмандыктарынын элесин эскерип, дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн, болочоктогу элдин коопсуздугу үчүн соттолуп жаткандар менен толук жана адилеттүү эсептешебиз. Бул — бардык адамзаттын сурагы, азаттык менен ыйманды туу туткан, эркиндикти сүйгөн элдин сурагы. Адилеттүүлүк орносун!" — деген Руденко токтоо, бирок талап кылган маанайдагы өктөмдүк менен.
12 адамга чыккан өлүм жазасы соттолгондорду асуу менен аткарылган. Алар: Геринг, Риббентроп, Кейтель, Розенберг, Франк, Фрик, Кальтенбруннер, Штрейхер, Йодль, Заукель, Зейсс-Инкварт жана Борман (сыртынан) аттуу кишилер болгон.
Гесс, Функ, Редер түрмөгө өмүр бою кесилген.
Ширах, Шпеер 20 жылга, Нейрат 15 жылга, Дениц 10 жылга камакта калтырылсын деген чечим чыккан.
Шахт, Папен жана Фриче аттуу кишилер акталган.
Тема боюнча:
Сталинградда немецтердин генерал-фельдмаршалы Паулюс туткундалган күн. Видео