Ташиев Тажикстанда Ятимов менен чек ара боюнча жолукту

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тажикстандын Согди облусундагы Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болгонун министрлер кабинети кабарлады.
Анын жүрүшүндө өкмөттүк делегациялардын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулап, жумушчу топторго эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо боюнча иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришкен.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү айтылды.
"Достук" бекетинин иши Ташиев текшерип баргандан кийин жакшырды