Садыр Жапаров карыяларды куттуктап, пенсия боюнча кеп козгоду

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.
Өлкө башчы кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо эзелтен эле калыптанып, кан-жаны менен бүгүнкүгө чейин жеткенин белгиледи.
"Карынын кебин капка сал", "карынын сөзү - жамак, жамагы - жашоого сабак", "карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот", "ак сакалдуу карыя – акылы терең дарыя" деген макалдарыбыз буга таасын күбө. Негизги максатыбыз – улуу муундун өкүлдөрү коопсуз коомдо кадыр-барктуу өмүр сүрүүсүн, мамлекеттин өнүгүүсүнө толук кандуу катышуусун камсыз кылуу. Анын негизинде Кыргызстанда карыларыбыздын турмуш шарттарын жакшыртуу саясатын жүргүзүү боюнча активдүү иш-чаралар күч алууда", — деди ал.
Президент 1-октябрдан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6 900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонун эске салды.
"1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулап, эң аз дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6 900 сомду түзөт", — деди Жапаров.
Жапаров өлкө карыяларына чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалады.
Радио
Абдиева: кары-картаңдарга коомго керек экенин сездирип туруу маанилүү