БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык бирикме өзүн экономикалык борбор катары көрсөтүп, бүгүнкү күндө татыктуу ордун таба алды. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереванда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында билдирди.
Ал ЕАЭБ жөнүндө келишим 10 жыл мурун түзүлгөнүн, бул аралыкта көп иш жасалганын белгиледи. Жапаровдун айтымында, евразиялык интеграция бирикмеге мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алуу менен жалпы дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш тереңдөөдө.
"Биргелешкен аракет менен чакырыктарга туруштук берип, кеңешип, экономикалык маселелерди чечүүгө умтулуп жатабыз. Натыйжада ЕАЭБ өзүн экономикалык борбор катары көрсөтүп, бүгүнкү күндө татыктуу ордун таба алганына күбөбүз", — деди өкмөт башчы.
Ал бирикмеге үчүнчү өлкөлөрдүн кызыгуусу барган сайын өсүп жатканын эске салды. Байкоочу мамлекеттер улам көбөйүп, соода келишимдери түзүлүп жатат. Жапаров бул "биздин интеграциялык моделдин" керектүүлүгүн жана маанилүүлүгүн айгинелей турганын белгиледи. Өкмөт башчынын айтымында, өнөктөштөрдүн көбөйүшү жана тышкы саясий байланыштардын бекемделиши уюмдун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана эл аралык аренада кызматташуу үчүн ыңгайлуу шарт түзө аларын тастыктады.
"Бул тенденция эл аралык коомчулуктун ЕАЭБдин келечегине болгон ишенимин чагылдырат. Жыл өткөн сайын экономикабыздын интеграциясы тереңдеп, азык-түлүк, энегргетикалык жана транспорттук коопсуздуктун бекем пайдубалын түзө алдык", — деди Жапаров.