Дарыгер төрөттөн кийин спортко шашылбай турууну эскертти

Адис бала төрөгөн аял спортко толук кандуу 9-12 айдан кийин гана кайтса болорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Төрөттөн кийин дароо эле спортко аралашуу көп учурда ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу гинеколог-эндокринолог Юлия Янчевская "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, аял алгач дарыгердин кеңешин алып, керектүү медициналык текшерүүлөрдөн өтүшү зарыл.
"Кыз-келиндер биринчи кезекте акушер-гинекологдун көзөмөлүндө болушу шарт. Организм төрөттөн кийинки 42 күн ичинде "өзүнө келе баштайт". Мындан тышкары, гормондор, аялдын психоэмоционалдык абалы дагы өзгөрөт. Кош бойлуу мезгилде өзгөргөн организм болжол менен 6-10 айда калыбына келет", — деп билдирген Янчевская.
Дарыгер өзү төрөгөн аялдарга кеминде 1,5 ай, операция жолу менен төрөгөндөргө кеминде 2 айга чейин бассейн, көл, баня, саунага барганга жана спорт менен активдүү машыгууга болбой турганын эскерткен.
"Витаминдердин жетишсиздигин текшерүү зарыл. Дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, ал уруксат бергенде гана (болжол менен төрөттөн алты ай өткөн соң) спорт менен машыгууга болот. Чоюлган булчуңдар, муундар, айрым учурда сөөктөр дагы жабыркап калышы мүмкүн. Ошондуктан организм эс алышы керек. Эң жакшысы — күнүнө балаңыз менен 25-30 мүнөт басуу керек. Ал эми спортко толук кандуу 9-12 айдан кийин гана кайтууга болот", — деген гинеколог.
Диетолог магнийдин жетишсиздиги кандай ооруларга кептей турганын түшүндүрдү