2-октябрга карата аба ырайы

2-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Шаршембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас, Нарын облустарында +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +21...+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +15...+20 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +21...+23, Ош шаарында +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Дарыгер төрөттөн кийин спортко шашылбай турууну эскертти