Тереңдеп бараткан кызыгуу
"Талибан" башында турган Афганстандын өкмөтү жакында эле БРИКС саммитине премьер-министрдин орун басары Абдула Гани Барадардын деңгээлинде катышууга кызыкдарлыгын билдирди. Бул кадам өлкөнүн дүйнөлүк соода-экономикалык, финансылык жана саясий иштерге акырындык менен интеграцияланууга умтулуусунан кабар берип турат.
Казанда өтчү БРИКС саммити жакындаган сайын глобалдуу экономикалык жана саясий өз ара аракеттенүүнүн жаңы контуру аныкталууда, ал эми мындан четте калуу улам өзгөрүп жаткан дүйнөдө өз алдынчалыгын сактап калууга аракет кылган өлкөлөрдүн олуттуу стратегиялык катасы болуп калары айгине. Анткен менен саммит, маңызында, БРИКС аянтчасын пайдалануу менен айрым мамлекеттердин тышкы саясатынын узак мөөнөттүү стратегиялык маселелерин чечүүгө да жол берет.
БРИКС саммити азыртадан эле чечимдерди кабыл алуунун жаңы борборлорун, ошондой эле эл аралык экономиканын жаңы принциптерин илгерилетүү менен дүйнөлүк соода-экономикалык жана финансылык системанын өнүгүүсүнө жаңы импульс берүүдө. Дүйнөлүк көпчүлүк БРИКСти Батыштын үстөмдүгүнүн шартында өз кызыкчылыгын коргоочу жана ишке ашыруучу жападан жалгыз механизм катары кабылдап калды. Уюмга мүчө болууга, конок катары жыйындарга катышууга умтулуу да дал ушул себептен күчөп жатат.
Маанилүү талап
Афганстандын тышкы саясатынын жанданышы ал жактагы аскердик-саясий абалдын турукташуусу менен байланыштуу. Демек, "Талибан" кыймылы түзгөн өкмөт өлкө ичинде өзүн канчалык ишенимдүү сезсе, дүйнөлүк аренанын "мыйзамдуу саясат айдыңына" чыгуудагы демилгелери ошончолук өткүр, курч болот. Азырынча "Талибандын" саммитке келери арсар, жыйынга катышуу аталган кыймылды көбүрөөк мамлекет таанысын деген максатты көздөбөйт. Анткен менен Афганстан "Талибандын" террордук уюмдардын тизмесинен алынарына үмүт артууда.
БРИКС, балким, "Талибандын" бул жааттагы комплекстүү аракети үчүн өтө зарыл платформа боло албастыр, анын үстүнө кара тизмеден чыгуу аракети БУУда да, ЕБде да, Батышта да ишке ашкан эмес. Кыймылдын Катардагы саясий бюросунун башчысы Сухейл Шахин "Талибан" ЖМКдагы жалаа жабуу кампаниясынын курмандыгы болуп калганын, БРИКС саммитине катышуу "глобалдуу дүйнө, өз ара түшүнүшүү, кызматташуу жана тынч жашоо" багытындагы көп маселе боюнча кыймылдын көз карашын, позициясын айтып-көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бермектигин билдирди.
Кол сунуу
Азырынча "Талибан" Казакстанда террордук жана тыюу салынган уюмдардын катарынан чыгарылды (2023-жылы). Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев бул "бүгүнкү Афганстан менен соода-экономикалык кызматташууну илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнөн жана келген режим узак мөөнөттүү фактор экенин түшүнүүдөн улам" жасалганын билдирген. Ушундай эле чечимди быйыл Кыргызстан дагы кабыл алды. ТИМдин маалыматында "Талибанды" тыюу салынган уюмдардын катарынан чыгаруу "аймактагы туруктуулукту жана диалогду сактоого багытталып", Кыргызстандын "Афганстанда тынчтыкты камсыздоого арналган эл аралык коомчулуктун аракетин колдоо позициясынан башат алганы" айтылган.
Ал эми Россияга келсек, "Талибанды" террордук жана тыюу салынган уюмдардын катарынан чыгаруу маселеси 2024-жылдын май айында ТИМ менен Юстиция министрлигинин деңгээлинде талкууланып, РФ президентине тиешелүү сунуш берилген. Бирок чечим кабыл алына элек, ТИМдин айтымында, бул — россиялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү талап кыла турган жай жүрчү процесс. Анткен менен мындай жагдай россия-афган мамилесине тоскоол боло алган жок. Диалог жакшы жүрүүдө, "Талибан" кыймылынын делегациясы Казанда өткөн "Россия — ислам дүйнөсү" жана Санкт-Петербургда болгон эл аралык экономикалык форумга катышты. БРИКСке мүчө болгон Россия, Кытай, Индия жана Иран сыяктуу мамлекеттер үчүн Афганстандын маанилүүлүгүн жана Борбор Азия менен жалпы Евразиядагы коопсуздук, экономика жана транспорттук чөйрөдөгү ордун эске алсак, Кабул аталган уюмдун саммитине катышып калышы да толук ыктымал.
Адатта Афганстан Борбор Азияда террорчулук, экстремизм, баңгизат жана курал-жарак соодасы жагынан кооптуулук жараткан өлкө катары кабылданып келген. Мунун баары азыр деле бар, Афганстан менен чектешкен мамлекеттер үчүн олуттуу маселе. Демек, Борбор Азиянын калган мамлекеттери "Талибанды" террордук уюмдардын катарынан жакында чыгарат дегенге да эрте.
Албетте, Афганстандын мындай "даңазалуу" болушуна бүтүндөй Борбордук Азияга үстөмдүгүн орнотууну каалаган күчтөр жан үрөдү. Алгач Улуу Британия, андан кийин ага АКШ менен жалпы Батыш кошулду. Америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин деле ойлорунан кайтыша элек. Батыш Афганстан кайрадан жарандык согуштун сазына батып, региондун коопсуздугу чоң роль ойногон мамлекеттердин ресурсун пайдаланат деген ишенимде болгон.
Өз максатына жетиш үчүн Батыш Афганстандын түндүгүндөгү "Вилаят Хорасан"** (ИГИЛ-Хорасан**) сыяктуу террордук уюмдарды, уйгур сепаратисттеринин топторун жана башка майда-чүйдө этникалык тайпаларды колдоп келет. Дал ушул себептен улам Батыштын жана украин атайын кызматтары "Крокус сити холлдогу" кандуу терактыны ишке ашыруу үчүн ИГИЛ менен байланышкан террорчуларды пайдаланды.
Афганча компромисс
Россия ушу тапта "Талибан" суверендүү бийликке ээ болуп, бүтүндөй өлкө аймагын көзөмөлдөп турганын түшүнөт, мындан улам Афганстан боюнча тышкы саясаты да ушул реалдуулукка жараша жүрөт. Кремль бул факторлордун бирин да көз жаздымда калтырбастан алака түзүүдө. Албетте, Россиянын саясий жана этностук планда Афганстандын инклюзивдүү өкмөтүн түзүү, аялдардын билим алуусу жана иштөөсү боюнча өз позициясы бар. Бирок бул позиция диалог үчүн сөзсүз аткарылчу шарт эмес, муну Россия менен Афганстандын акыркы убактагы мамилеси тастыктады. Алсак, талибдердин бийликке келишинен кийин эки өлкөнүн ортосундагы соода миллиард долларга чамалап барды.
Борбор Азиядагы башка мамлекеттер да четте карап турган жок: юридикалык жактан тоскоол болгон чектөөлөргө карабастан соода-экономикалык жана энергетикалык байланыштар күчөдү, Афганстан менен автомобиль жана темир жол каттамы сыяктуу транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатат. Акыркы убакта ТАПИ (Түркмөнстан — Афганстан — Пакистан — Индия) газ түтүгүн куруу маселелери, Кыргызстан жана Тажикстандын гидроэнергетикалык потенциалын пайдалануу менен электр энергиясын Түштүк Азияга жеткирүү (CASA-1000) долбоору жанданууда. Афганстан өзү Ирандын аймагынан өтүп Чабахар деңиз портуна чыга турган Түндүк — Түштүк транспорттук коридоруна кызыгып жатат.
Кабул чектеш мамлекеттерде жүрүп жаткан өз ара аракеттенүү менен кызматташуудан четте кала албашы керектигин түшүнүү зарыл, болбосо өлкөнүн мамлекеттик деңгээлде радикалдашып кетүү тобокелдиги күч. Ошол эле учурда аны террордук уюмдардын катарынан да тез аранын ичинде чыгара коюу мүмкүн эмес экенин аңдап билүү кажет. Демек, өлкөнүн азыркы абалына жараша эле соода-экономикалык байланыштарды активдештире берүү шартка ылайык болуп турат. Россия, Борбор Азия мамлекеттеринин Афганстан менен алакасынын жандануусу регионалдык жана эл аралык коопсуздукка чоң салым болушу мүмкүн. Албетте, мындай аракетке Афганстанды эл аралык саясий жана экономикалык процесске кошо албаган АКШ менен жамааттык Батыш каршы болот.
Анткен менен Афганстанды Евразиянын бүгүнкү күндөгү соода-экономикалык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлоруна кошуу ийгиликтүү болот деп так кесе айтуу мүмкүн эмес. Бирок кызматташуунун евразиялык формасы ушу тапта адилеттүү дүйнө тартибин түзүү процессинин бараандуу бөлүгү экенин эске алсак, мүмкүнчүлүк бир топ эле жогору.
*Кыймыл террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында
**Россияда тыюу салынган террордук уюм