Бишкекте окуучу жанын кыйган окуя боюнча ишти ШИИБ көзөмөлүнө алды

Милицияга маалымат 26-сентябрда түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. ШИИБ Бишкекте окуучу жанын кыйган окуя боюнча ишти жетекчилик өз көзөмөлүнө алганын кабарлады.
Буга чейин социалдык тармактагы баракчалардын биринде Бишкекте 17 жаштагы окуучу үйүндө өмүрүн кыйганы тууралуу жазылган.

"Ал 26-сентябрда классташтарынын бири менен сейилдеп жүрүп чылым чегүүнү чечишкен. Бул учурда аларды байкап калган милиция кызматкерлери окуучулардан отчёт алып, коркутуп, 3000 сом талап кылышкан. Андан кийин алардын ата-энеси же камкордукка алган тараптарынын катышуусу жок эле протокол түзүшүп, өспүрүмдөрдүн тааныштарына чалып акча талап кылышкан", — деп жазылат тараган билдирүүдө.

Андан кийин улан үйүнө барып жанын кыйганы белгиленген.
Бул боюнча Бишкек ШИИББи маалымат таратып, өспүрүм өмүрүнө кол салганын тастыктады. Милициянын маалыматы боюнча, 26-сентябрда түштө аларга билдирүү түшкөн. Ыкчам топ шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринен окуучунун сөөгүн тапкан.
"Бул факт боюнча Свердлов РИИБи тергөөгө чейинки текшерүүлөрдү жүргүзүүдө, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Социалдык тармактардын биринде жарыяланган маалыматка караганда, окуя Бишкек ШИИББ жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынган. Ал билдирүүдө жазылгандар боюнча тыкыр текшерүүлөр жүргүзүлөт. Шаардык милициянын жетекчилиги каза болгон баланын ата-энесине байланышка чыгып, ШИИББге чакырды", — дешти милициядан.
Укук коргоо органдары окуя боюнча алдыда дагы маалыматтар берилерин кошумчалады.
Сокулуктагы окуучунун өлүмү боюнча Билим берүү министрлиги үн катты