Токмокто кызыл камчы мурдагы аскер кызматкерине иш козголду

Ал аялына байма-бай кол көтөрүп келгени, натыйжада келиндин мээси чайкалганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Токмокто аялын такай сабаган делген мурдагы аскер кызматкери камалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Соцтармактарда мурдагы аскер кызматкери аялын такай сабап күн көрсөтпөй жатканы, милиция шектүүгө чара көрбөй жатканы айтылган маалымат тараган. Чүй милициясы окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

"21-сентябрда Токмок шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү батирлердин биринде күйөөсү аялын сабап жатканы кабарланган. Милиция жерине барганда 28 жаштагы А.А. 30 жаштагы С.Б. аттуу жолдошу системалуу сабап күн көрсөтпөгөнүн белгилеп, чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган", — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу ошол эле күнү Улуттук госпиталга кайрылып, баш мээси чайкалган деген диагноз коюлганы белгиленди.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен иш козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ала-Бука РИИБде соттолуучу кыйноого кабылганы айтылды. Сүрөт