БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстандын аймактарындагы тамактануу боюнча быйылкы жылдын биринчи чейрегинин маалыматын жарыялап, 2023-жылдын ушул мезгили менен салыштырды.
Белгилүү болгондой, кыргызстандыктар күнүнө орточо эсеп менен 2 529 килокалорий керектешет, ал эми норма 2 101 болуп эсептелет. Жыл ичинде республика боюнча орточо керектөө 159 килокалорийге көбөйүп, Ысык-Көл облусунан (101 килокалорий түшкөн) башка аймактарда жакшы тамактанып башташкан.
Рейтинг:
Ош шаары — 3 361 килокалорий;
Жалал-Абад облусу — 2 867;
Талас облусу — 2 815;
Ош облусу — 2 640;
Чүй облусу — 2 329;
Баткен облусу — 2 323;
Бишкек — 2 219;
Нарын облусу — 2 198;
Ысык-Көл облусу — 2 158.
Ошентип дээрлик бардык аймактарда орточо керектөө нормадан жогору экени аныкталган.