Бишкекте "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол компаниясы" ачылды

Үлүштүн 51 пайызы Кытайга, 24,5 пайызы Кыргызстан менен Өзбекстанга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкекте "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол компаниясынын" ачылыш аземи өткөнүн министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Ага өкмөт башчы Акылбек Жапаров, Кытайдын элчиси Ду Дэвэн, КЭР делегациясынын башчысы Чжан Цзянхуа, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов, China Railway International компаниясынын башкы директору Чжоу Син катышкан.
"Биз бул долбоорго абдан жогору баа берип, аны кылымдын курулушу деп атайбыз. Бул Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге алып чыгат", — деген Жапаров.
Буга чейин аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын аймагында (иштин негизги участогу) биргелешкен долбоордук компания түзүлө турганы белгилүү болгон. Анда үлүштүн 51 пайызы Кытайга, 24,5 пайызы Кыргызстан менен Өзбекстанга туура келет. Кытай тарап долбоорлоого, курулушка, сатып алууларга жана башка негизги иштерге жооптуу болот.
Пресс-борбор
"Росатом" Кыргызстанда аз кубаттуу АЭС куруу маселеси кайсы этапта экенин айтты