Бишкек мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат

Айдоочуну жумушка алууда D категориясы бар айдоочулук күбөлүк жана үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы талап кылынат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат.
Калаа администрациясынын билдирүүсүнө ылайык, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасына 21 жаштан 63 жашка чейинки айдоочулар изделүүдө.
Айдоочуну жумушка алууда D категориясы бар айдоочулук күбөлүк жана 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы талап кылынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номерине кайрылууга болот.
Радио
Жол эрежесин одоно бузган 30 автобус айдоочусу иштен кетти