29-сентябрга карата аба ырайы

29-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда жекшембиде күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй аймагында +17...+22, Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад облустарында +21...+26, Баткен өрөөнүндө +20...+25, Ысык-Көл кылаасында +13...+18, Нарын жергесинде +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектиктер азык-түлүктү жарманкеден дүңүнөн ала алат. Дареги