Пресс-борбор

"Росатом" Кыргызстанда аз кубаттуу АЭС куруу маселеси кайсы этапта экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстанда аз кубаттуу атомдук электр станцияларын куруу маселеси кайсы этапта экенин Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов айтып берди.
"Росатом" мамлекеттик корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов
Ал долбоор министрлер кабинети менен талкууланып жатканын белгиледи.
"Атомдук электр станциясынын долбооруна өзгөчө көңүл бурулушу керек. Биздин кыргызстандык өнөктөштөр бардык аспектилерге сүңгүп кирип, ийне-жибине чейин карашууда. Бул жерде маалыматтык кампания чоң мааниге ээ. Мисалы, 10-октябрда атомдук энергетиканын коопсуздугу боюнча энергетикалык тармактын ардагерлерине семинар өткөрүү пландалууда. Биздин өнөктөштөр канчалык маалымдар болсо, ошончолук жакшы", — деди Константинов.
Анын айтымында, өткөн жылдын аягында Кыргызстандын делегациясы Воронеж АЭСине барган.
"Делегациянын мүчөлөрү мындай энергетикалык объектинин иш жүзүндө кандай иштээрин өз көзү менен көрүштү", — деди "Росатомдун" өкүлү.
Ал атомдук энергетиканы өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи деп атады.
"Кыргызстандын энергетикалык балансы үчүн, албетте, атомдук электр станциясы керек. Бүгүнкү күндө бардык өнүккөн өлкөлөр АЭСтин үлүшүн көбөйтүүдө. Мисалы, Россияда бул үлүш 2030-жылга чейин 20дан 24 пайызга өсөт", — деп жыйынтыктады Константинов.
Пресс-борбор
"Росатом" өлкөдө 1,5 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо