Пресс-борбор

"Росатом" Кыргызстанга өзөктүк медицинаны жандандырууга көмөктөшөт

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өзөктүк медицина борборун жандандыруу пландалууда. Бул тууралуу "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын республикадагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов билдирди.
Анын айтымында, "Росатом" Улуттук онкология жана гематология борбору, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте өзөктүк медицина бөлүмүн кайрадан ишке киргизди.
"Росатом" мамлекеттик корпорациясынын республикадагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов
"Бөлүмдүн иши Советтер Союзу чачырагандан кийин токтотулган. Анын кайра жанданышы өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы тарыхый окуя болуп калат. Бөлүм алгачкы бейтаптарды кабыл алып, текшерүү жүргүздү", — деди Константинов.
Ошондой эле ал генераторлор жана изотоптор өлкөдө чыгарылып, медицина бөлүмүн толук кандуу радиофармацевтикалык препараттарды чыгаруучу борборго айландыруу пландаштырылып жатканын белгиледи.
"План максаттуу терапия жана тераностика бөлүмүн курууну камтыйт. Бул метастаздарды жана залалдуу шишиктерди дарылоого мүмкүндүк берет", — деди "Росатомдун" өкүлү.
Долбоорду ишке ашыруунун жалпы мөөнөтү алты жыл экени кошумчаланды.
Миң-Куштагы "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайы быйыл зыянсыздандырылып бүтөт