Пресс-борбор

"Росатом" өлкөдө 1,5 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо

Кайра жаралуучу булактардан 1 гигаватт энергия алуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Энергетика министрлиги менен келишимдерге кол коюлганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Росатом" Кыргызстанда 1,5 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Бул тууралуу "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын республикадагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов билдирди.
"Росатом" мамлекеттик корпорациясынын республикадагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константино
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
Айтымында, жакында Ысык-Көл облусунда 100 мегаватт кубаттуулуктагы шамал электр станциясын куруу үчүн капсула салынды.
"Бул 110 миллион долларга бааланган шамал электр станциясы 2025-жылы курулуп, объект толугу менен ишке киргизилет", — деди Константинов.
Кайра жаралуучу булактардан 1 гигаватт энергия алуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Энергетика министрлиги менен келишимдерге кол коюлганы айтылды.
"400 мегаваттык ГЭСтерди ишке ашыруу боюнча бир миллиард долларга жакын инвестиция жөнүндө сөз болуп жатат. Бул — болжол менен 400-450 миллион доллар", — деп жыйынтыктады Константинов.
Пресс-борбор
"Росатом" Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга катышуусу мүмкүн