БУУда Ливандын соңку мууну апаатка кабылганын айтышты

Ооруканалардын жарадарларга толуп кеткени жана аларды препараттар менен камсыздоо көйгөй жаратып жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ливандагы азыркы кырдаал өлкөнүн соңку муунундагы эң коркунучтуу мезгил болуп калды, дары-дармек дээрлик түгөндү. Бул туурасында БУУнун гуманитардык жардам башкармалыгынын Ливандагы координатору Имран Разанын айтканын РИА Новости жазды.
"Биз Ливандагы соңку муундун эң коркунучтуу учуруна күбө болуп жатабыз, көптөр бул башталышы гана экенин айтышууда. Өткөн аптадагы окуялар, анын ичинде байланыш каражаттарынын жардырылышы дары-дармектин түгөнүшүнө алып келди. Кырдаалдын курчушу жана ооруканалардын жарадарларга толуп кетишине байланыштуу саламаттык сактоо системасы ресурстардын чектелиши менен күрөшүп жатат. Муну алар муктаждыктын кескин өсүп кетишине жол бербөө үчүн жасашууда", — деди ал.
Израиль менен Ливандын мамилесине байланышкан кырдаал Бейруттун ар кайсы райондорунда 17-18-сентябрда байланыш каражаттарынын массалык жарылуусунан кийин болгон эки тараптын атышуусунан улам курчуп кеткен. Анын кесепетинен ондогон адам өмүрүнөн ажырап, үч миңге жакын киши жаракат алган. Кийинчерээк израилдик авиация Бейруттун түштүк тарабындагы турак жайды аткылап, 50дөн ашуун адам, анын ичинде "Хезболланын" атайын операциялары боюнча командачысы Ибрагим Акил да набыт болгон.
Шииттердин аскерлери Израилдин Аскер-аба күчтөрүнүн Рамат-Давид базасы менен Хайфа шаарындагы "Рафаэль" аскер-өнөр жай комплексине чабуул жасаган. Калаанын четиндеги эл жашаган кварталда бир нече ракета жарылганын айтышкан.
Ливандын өкмөтү БУУну кырдаалга киришип, Израилдин агрессиясын токтотууга чакырды.
Соңку маалыматтарга таянсак, Ливан бийлиги былтыркы жылдын октябрынан тарта Израилдин бомбалоосунан 1 540 киши каза таап, анын ичинен 700ү өткөн аптада көз жумганын билдирди. Ал эми жарадар алган жай жарандардын саны 5000ден ашты.
Иран ТИМи: Израиль БУУга мүчө болууга татыксыз