"Росатом" Баткенге шамал электр станциясын курууну пландоодо

Станциянын кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Росатом" Баткен облусуна шамал электр станциясын курууну пландоодо. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов билдирди.
Анын айтымында, станциянын кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт.

"Бул Ысык-Көл облусундагы долбоордун документ иштерин аяктагандан кийин баштай турган №2 долбоор болот. Баткен облусу алыста жайгашкандыктан Кыргызстандын приоритеттүү аймагы. Ал жакта шамал да катуу", — деген Константинов.

Эске салсак, 12-сентябрда Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылында кубаттуулугу 100 мегаваттка жеткен Кыргызстандын аймагындагы алгачкы шамал электр станциясынын курулушуна капсула салынган. Долбоордун жалпы суммасы 110 миллион долларды түзөт. Курулушка бир жылдай убакыт кетери айтылган.
Пресс-борбор
"Росатом" Кыргызстанда аз кубаттуу АЭС куруу маселеси кайсы этапта экенин айтты