Дем алыш күндөрү өлкөнүн төрт облусунда күн сууктап, үшүк жүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Кыргызстандын түндүгүндө күн сууктап, үшүк жүрөт.
Кыргызгидромет Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында температура нөлдөн төмөн болорун белгиледи.
"Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырды.
Мөңгүнүн эриши, суу тартыштыгы. Кыргызстандагы кооптуу климаттык өзгөрүүлөр