Акылбек Жапаров: Кумтөр дагы 20-30 жыл кенен иштетилет

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кумтөрдөгү алтындын запасы кенди дагы 20-30 жыл кенен иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчы "Экономиканы өнүктүрүү: изилдөөлөр жана чечимдер" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышкан.
Жапаров Кумтөр элге кайтарылып, үзгүлтүксүз иштеп жатканын эске салды. Анын айтымында, калдыктар сакталган жайда алтын азайып, казуу иштери жер алдында уланмакчы.
"Запас көбөйүүдө. Дагы 20-30 жыл кенен иштетилет. Тоголок кени да бар. Ушу тапта Кумтөрдү фондулук рынокко чыгаруу боюнча иштеп жатабыз", — деди минкаб төрагасы.
Акылбек Жапаров: быйыл экономикада чоң өзгөрүүлөр башталат