Иран ТИМи: Израиль БУУга мүчө болууга татыксыз

Министр "Хезболла" кыймылын колдой турганын, эгерде Израиль Ливанга толук согуш ачса четте карап турбастыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Израиль эл аралык коомчулук менен коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратууда, ал Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болууга татыксыз. Мындай билдирүүнү Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи айтканын РИА Новости жазды.

"Азыр Израиль эл аралык тынчтык менен коопсуздукка мурда болуп көрбөгөндөй олуттуу коркунуч алып келүүдө. Бул режим Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болууга татыбайт", — деди ал аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Ал "Хезболла" кыймылын колдой турганын, эгерде Израиль Ливанга толук согуш ачса четте карап турбастыгын айтты.
"Хезболланы" колдоорубузду, Ливандын укугун жана анын элин Израилдин ыдык көрсөтүүсүнөн адилеттүүлүк менен коргой турганыбызды дайыма айтып келгенбиз", — деди ал журналисттерге БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны өтүп жатканда.
Аракчи БУУнун Коопсуздук кеңешин Жакынкы Чыгыштагы согуш отун өчүрүп, тынчтыкты орнотууга көмөктөшүүгө чакырды. Ал аймак апааттын кырында турганын белгиледи.
Израиль менен Ливандын мамилесине байланышкан кырдаал Бейруттун ар кайсы райондорунда 17-18-сентябрда байланыш каражаттарынын массалык жарылуусунан кийин болгон эки тараптын атышуусунан улам курчуп кеткен. Анын кесепетинен ондогон адам өмүрүнөн ажырап, үч миңге жакын киши жаракат алган. Кийинчерээк израилдик авиация Бейруттун түштүк тарабындагы турак жайды аткылап, 50дөн ашуун адам, анын ичинде "Хезболланын" атайын операциялары боюнча командачысы Ибрагим Акил да набыт болгон.
Шииттердин аскерлери Израилдин Аскер-аба күчтөрүнүн Рамат-Давид базасы менен Хайфа шаарындагы "Рафаэль" аскер-өнөр жай комплексине чабуул жасаган. Калаанын четиндеги эл жашаган кварталында бир нече ракета жарылганы айтылды.
БУУ Ливанда жай жарандардын көп санда өлүшүн кабыл алгыс нерсе деп атады