Захарова TikTok аккаунттарынын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди

ТИМ өкүлү каналдардын эфирге кайрадан кое берилишин талап кылып, чоо-жайын сураш керектигин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. TikTok платформасындагы аккаунттарды бөгөттөө боюнча бир дагы соттун чечими жок. Мындай пикирин РФ ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын Sputnik радиосу кабарлады.
Өкүл бул саясий чечим экендигине токтолду.
"Конгресс TikTok компаниясынын жетекчилерин чакырып алып, эмне үчүн россиялык каналдар жок болуп кеткендигин сураарынан күмөнүм бар. Алар муну өздөрүнө пайдалуу болгондо гана колдонушат. Азыр ички аудиториясына электоралдык процесстердин тазалыгы үчүн күрөшүп жатабыз деген түр көрсөтүшөт. Ошондуктан TikTok башчысын чакырып жатышат. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарынын ондогон каналдары жок болуп кеткенде алар эч нерсе кылышпайт", — деди дипломат.
Захарова бул каналдардын эфирге кайрадан кое берилишин талап кылып, чоо-жайын сураш керектигин белгиледи.
"Нааразылык, дооматтар түштү деп айткан бир дагы соттук орган, бир дагы арыз жок. Бул — тиешелүү өлкөлөр менен компанияларга жасалган АКШнын саясий басымы", — деди ал.
Эске салсак, буга чейин TikTok Sputnik жана RT International ЖМКларынын аккаунттарын өчүрүп салган.
"Жаңы кесип пайда болот". Захарова АКШ RT каналына салган жаңы санкция тууралуу