Пранкчылардын кылтагына USADA башчысы илинди. Видео

Тамашага салгандар "африкалык саясатчынын" атынан сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Россиялык пранкчылардын кылтагына илинген USADA (Америкалык антидопинг агенттиги) башчысы Трэвис Тайгарт Достук оюндарын Олимпиадага жеткирбөө керектигин айтып, чакырык жасаган. Бул туурасында видеону Sputnik Ближнее зарубежье каналы жарыялады.
Тайгарт Достук оюндарынан оолактатуу үчүн Россиядагы турнирге келүүгө камданып жаткан спортчуларды шантаж кылууну сунуштап да жиберген.
Пранкчылар "африкалык саясатчынын" атынан сүйлөшкөн.
Пранкка түшкөн польшалык министр жашыруун сырды айтып алды. Видео