Бишкектин мэри автобус айдоочуларын тартипке чакырып зекиди. Видео

Автобус Бишкектин көчөлөрүнүн бири менен барат
Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев автобус айдоочуларын чогултуп, жол эрежесин сактап айдоону эскертти.
Ал калаада жашап жаткан эки миллион адамдын коопсуздугу маанилүү экенин белгилеген.
"Элдин коопсуздугу деген маселе бар. Бирөөнү сүзүп кетсеңер, ичиндеги жүргүнчүлөрдү майып кылсаңар эмне болот? "Муну алып кой, тигини коюп кой" деп силер менен соодалашабызбы? Мыйзамды, эрежелерди сактагыла. Бүгүнкү күндө силер менен соодалаша турган мындан башка маселе жок", — деген мэр.
Жыйындын соңунда жол эрежесин одоно бузган 30 айдоочуну жумуштан алуу чечими кабыл алынды.
Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров
Радио
Бишкекте автобустардын айдоочулары эми бирдей форма киет