БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Менчикке чыгып кеткен тарыхый жана маданий эстелик болуп саналган имарат кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин борборунда жайгашкан имараттын баасы 317 миллион 106 миң сомду түзөт.
"Советтер Союзу кулагандан кийин менчиктештирүүнүн жалпы толкунунда "Туңгуч" жаштар драма театры жайгашкан имарат ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен "Т.П.Ц.Т." ЖЧКсынын менчигине берилгени аныкталды. Аталган мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп, мамлекеттин коргоосунда турат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган имарат көп жылдар бою түнкү клуб катары иштеп келгени кошумчаланды. Менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада мүлк мамлекетке кайтарылды.