Өкмөт Кызыл-Омпол кени иштетиле баштаганын кабарлады

Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенинин Таш-Булак участогуна барып, титаномагнетитти казып алуу мамлекет тарабынан колго алынарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кени иштетиле баштаганын билдирген мезгил кутусун салууга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кени иштетиле баштаганын билдирген мезгил кутусун салууга катышты

2 / 3

Минкаб башчысы кендеги титаномагнетитти өздөштүрүү мамлекет тарабынан колго алынып, долбоорду каржылоо булактары аныктала турганын баса белгиледи

3 / 3

Ошондой эле ал кенде титаномагнетитти алууда уран, торий өңдүү кошумча минералдарды коопсуз казып алууну камсыз кылган технологиялар колдонуларын белгиледи

Минкаб башчысы кендеги титаномагнетитти өздөштүрүү мамлекет тарабынан колго алынып, долбоорду каржылоо булактары аныктала турганын баса белгиледи.
"Бул — Кыргызстан үчүн абдан маанилүү окуя. Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титомагнетит бар. Титан — медицинада, авиацияда жана астронавтикада ар кандай тармактарда колдонулган баалуу металл. Тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү болот", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал кенде титаномагнетитти алууда уран, торий өңдүү кошумча минералдарды коопсуз казып алууну камсыз кылган технологиялар колдонуларын белгиледи.
Миң-Куштагы "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайы быйыл зыянсыздандырылып бүтөт