Радио

Жашыл, кызыл китептердин ордуна берилчү кадастрдык план деген эмне

Жер ресурстары, кадастр, геотезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо жана мониторинг башкармалыгынын башчысы Нурия Сооронова жер тилкесине берилчү жашыл, кызыл китептер санариптешерин айтты.
Sputnik
Кызыл жана жашыл китептердин ордуна кадастрдык план берүү пландалууда. Бул жер ээлеринин колундагы документтер жокко чыгат дегенди түшүндүрбөй турганын Нурия Сооронова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган иштер санариптештирүүнүн алкагында жүрүп жатат.
"Жер тилкесине берилчү эл оозунда "жашыл", "кызыл" китеп деп айтылган, жер ээлигин тастыктаган документтердин кадастрдык планы түзүлөт. Мыйзам өтүп калса кандай эрежелерди өзүнө камтый турганын кошумча мыйзамдык актылар менен иштеп чыгып, бекитебиз. Чочулоонун эч кереги жок. Бул болгону жер ээсинин колундагы документтин санариптик варианты болот. Ал сатуу же мураска өткөрүү операцияларын жасаганда кадастрдык пландын QR-коду аркылуу бардык маалыматтарга ээ боло алат. Ошол эле убакта колундагы жашыл, кызыл китептер жарактуу документ болуп эсептелет. Алар жоюлуп же жокко чыгарылбайт. Алар жарактуулугун өмүр бою жоготпойт", — деди Сооронова.
Ал мындай санариптештирүү иштери бир жер тилкесине бир нече документ жасап сатуу иштерине бөгөт коерун кошумчалады.