Евразиялык жаңы биржанын кимге кандай пайда алып келери айтылды

Компаниялар кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы, ал эми биржа аянтчаларына кирген чет элдиктер үчүн шарт-эрежелерди жөнөкөйлөтүү каралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Санкт-Петербург биржасынын президенти Игорь Артемьев вице-премьер Александр Новакка ЕАЭБдин аймагында жаңы биржа ачууну сунуштады. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Артемьев ЕАЭБ+ биржасынын соода механизмдерин түзүү керектигин айткан.
Жаңы биржа кандай система менен иштээрин Социалдык-экономикалык изилдөөлөр институтунун директору Алексей Зубцов аталган каналга түшүндүрүп берген.
"Россия үчүн ЕАЭБ+ санкциялардан буйтап өтүү жана союздун өлкөлөрүнө отун сатуу үчүн колдонулмакчы. Ал эми биримдикке мүчө өлкөлөргө пайдасы — ортомчусуз эле көлөмдүү жана туруктуу рынокко чыкканга мүмкүнчүлүк берет", — деген ал.
Жаңы биржада ЕАЭБдин: Россия, Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Армениянын компаниялары, андан сырткары, ага кирбеген Өзбекстандын уюмдары сата алат. Соода-сатыкты чек арага жакын темир жол станцияларында жүргүзүү пландалууда. Алар: Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан үчүн Орск – Новый город (Оренбург облусу), ал эми Беларусь үчүн Злынка (Брянск облусу) болушу мүмкүн. Алар кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы. Биржа аянтчаларына чет элдиктерди киргизүүнү жөнөкөйлөтүү каралууда.
Россия сунуштаган "бай ассортименттеги" продукциянын башында мунай заттары жана мунай химиясы турат. Бул товарлардын сатылышы, эсептешүүлөрү жана котировкалары орус рублинде жүргүзүлүшү керек.
Аталган биржада сатылат деген товарлардын тизмеси мындан эки жыл мурда августта эле түзүлгөнүн айтышты. Ага газ, нефть, мунай заттары, электр энергиясы, дан, кара металл, көмүр, минералдык жер семирткичтер, дагы башка бир нечеси кирген.
Энергетикалык рынок, логистикалык чынжырчалар, соода-сатык. ЕЭК министринин маеги