РФ ТИМи Израиль менен Ливанды согуштук аракеттерди токтотууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Москва Израилдин Ливанга кол салуусун кескин айыптайт. Россия ТИМинин расмий билдирүүсү ведомствонун сайтына жарыяланды.
Министрлик Тель-Авив "Түндүк жебеси" операциясын баштаганын ("Хезболланын" аскердик инфраструктурасын жардыруу), ал эми кыймыл Израилдеги аскердик объектилерди аткылап жатканын эске салды.
ТИМдин билдирүүсүндө Израилдин "Хезболланын" курал-жарагы сакталуу деген шылтоо менен эл жашаган аймактарга урган соккусу жай тургундардын массалык өлүмүн шарттаганы (бир нече күндө 500 киши), инфраструктураны кыйратканы айтылат.
"Жай жарандардын өлүмүн шарттаган чабуулдарды кескин айыптаган позициябызды белгилеп кеткибиз келет. Абал таптакыр көзөмөлдөн чыгып кете электе зомбулук менен коштолгон согуштук аракеттерди тез арада токтотуу керек", — деп жазылат билдирүүдө.
"Ливан тараптабыз". Кытай Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча үн катты