Турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөй турган органдар аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Турак жай кооперативдеринин ишин Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук банк көзөмөлдөй турган болду. Тиешелүү жобону министрлер кабинети бекиткен.
Маалыматка ылайык, "Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтом кабыл алынган.
"Кооперативдердин ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Юстиция министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук банк аныкталды. Документ турак жай кооперативдерин натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, буга чейин турак жай кооперативдерине салган каражатын жоготкон жарандардын саны өсүп, укук коргоо органдарына кайрылуулар көбөйгөн.
Акылбек Жапаров жыл соңуна чейин бардык үйлөрдү камсыздандырууну тапшырды