Акылбек Жапаров жыл соңуна чейин бардык үйлөрдү камсыздандырууну тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын алдына 2024-жылдын аягына чейин бардык үйлөрдү, анын ичинде кооптуу аймактарда жайгашкан турак жайларды камсыздандырууну тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров үстүбүздөгү жылдын тогуз айында өлкөнүн ар кайсы аймактарында болгон селдин кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрына карата 331 ирет сел жүрүп, анын кесепетинен 5354 үй жабыркаган. Алардын 102си бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж.
Министрлер кабинетинин төрагасы камсыздандыруу элди табигый кырсыктардан кийин тезирээк калыпка келүүгө жана мамлекеттик бюджеттин түйшүгүн азайтууга жардам берген маанилүү инструментке айланарын белгиледи.
Жапаров кошумчалагандай, жыл сайын глобалдык жылуулукка байланыштуу табигый кырсыктардын саны көбөйө берет. Ошондуктан кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу калктын коопсуздугун жана табигый кырсыктардын кесепеттерине туруктуулугун камсыз кылуу зарыл.
Радио
ӨКМ өкүлү: жакынкы жылдары сел көп болот, даяр болушубуз керек