Акыркы жылдары кыргызстандыктар экономиканын болуп көрбөгөндөй өсүп, инфраструктура жакшырып жатканына күбө болууда. Мунун баары мамлекеттик бюджеттин толукталышынан улам ишке ашып жатат, ал эми кирешенин басымдуу бөлүгүн салыктар түзөрү белгилүү.
Эгер 2021-жылы Кыргызстанда 105 миллиард 714 миллион сом салык алынса, 2023-жылы 185 миллиард сом чогултулду. Салык кызматы мындай ийгиликке кантип жеткенин ведомствонун төрагасынын орун басарлары Нургүл Салиева менен Исламбек Кыдыргычов, кызматтын ардагери Салмоорбек Асипов жана Салык консультанттары палатасынын жетекчиси Татьяна Ким түшүндүрүп беришти.
Сандар сүйлөйт
Статистика 1990-жылы республикада 11,3 миллион сом салык чогултулганын, беш жылдан кийин 2,4 миллиард сом түшкөнүн көрсөттү. 2000 жана 2005-жылдары көрсөткүч 5,5 миллиард жана 8,7 миллиард сомго жеткен. Ал эми 2010-жылы 26,3 миллиард түшсө, 2015-жылы 60 миллиард сомдон ашкан.
Быйылкы жылдын башында Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов 2023-жылы ведомство 249,4 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултканын, бул болжолдогондон 3 миллиардга көп сумма экенин билдирген. 2022-жылдын маалыматы менен салыштыра келгенде чогултулган акча 41,3 миллиард сомго көбөйгөнүн көрүүгө болот. Демек, акыркы 20 жыл ичинде салыктан түшкөн акча 25 эсе жогорулаган.
Тарых барактарынан
Салык кызматы Кыргызстандын Финансы министрлигинин курамында СССР Министрлер Советинин 1990-жылдын 29-январындагы токтомуна ылайык түзүлгөн. 1994-жылы Мамлекеттик салык инспекциясы (МСИ) болуп өзгөртүлөт. 2002-жылдын октябрында Финансы министрлигинин алдындагы МСИ менен Мамлекеттик бажы инспекциясынын базасында Киреше боюнча комитет түзүлүп, үч жылдан кийин анын базасында эки өкмөттүк ведомство — салык инспекциясы жана бажы инспекциясы түптөлөт. 2005-2010-жылдардын аралыгында Салык инспекциясы эки ирет аталышын өзгөртүп, алгач Салык жана төлөм жыйноо боюнча мамлекеттик комитет, андан кийин Мамлекеттик салык кызматы болуп аталат.
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик салык кызматы — бул салык, камсыздандыруу төлөмдөрүн жана башка алымдарды жыйнаган, алардын өз убагында чогултулушун көзөмөлдөгөн аткаруу бийлигинин органы.
Башаламан 90-жылдар
Мамлекеттик салык кызматынын биринчи жетекчиси, бүгүнкү күндө "КР финансы-экономикалык жана салык системасынын ардагерлери" коомдук бирикмесинин төрагасы Салмоорбек Асипов эгер мурун соодада товар айлантуудан эле салык алынса, 1990-жылдардан кийин кошумча нарк салыгы, сатуудан алынчу салык, акциздик салык жана башка бир топ түрү пайда болгонун айтып берди.
Мамлекеттик салык кызматынын биринчи жетекчиси, бүгүнкү күндө "КР финансы-экономикалык жана салык системасынын ардагерлери" коомдук бирикмесинин төрагасы Салмоорбек Асипов
© Sputnik / Анара Мамытова
"Жаш салык инспекторлору үчүн салыкты туура чогулуунун жана текшерүүлөрдү туура жүргүзүүнүн эрежелери жазылган атайын нускамалар, методикалык материалдар даярдалган. Ведомствого СССР учурунда билим алган адистер келгендиктен кадр жаатында маселе жаралган жок. Материалдык-техникалык база түптөлүп, алгачкы компьютерлер, транспорт алынып, окуу борбору уюштурулган", — деди Асипов.
Анын айтымында, салыктын жаңы түрлөрү киргизилгенден кийин кызматкерлер ишти жөнгө салгандан тышкары кайсы салык эмне үчүн алынып жатканы, төлөмдөрдү кантип туура жүргүзүү керектиги боюнча маалыматтык кампания жүргүзүүгө да мажбур болушкан.
СССРдин жоюлушу менен советтик элдин дүйнө түзүлүшү да кыйроого учурады: ишканалар жабылып, дүкөн текчелери жылаңач калды, айлык акы кечиктирилип, көп киши жумушу жок отурду. Эл кара курсакты тойгузуш үчүн колунда барын сатууга өттү, мунун аркасы менен башаламан соода жайылды. Тыңыраактаы башка мамлекеттерге чыгып, товар алып келе башташты. Алар "челноктор" деп аталып, буюм-тайымдар көбүнесе Кытай менен Түркиядан келип турду.
© Фото / Владимир Пирогов
Алгач ишкерлер чет жактарга жалгыздап чыкса, кийинчерээк бизнеске "челноктук" турларды уюштурган туристтик фирмалар кошула баштады. Салык кызматы жаңы багытты өздөштүрүп, акча каражаты менен салык маселесин көзөмөлдөөчү механизмди иштеп чыгууга аргасыз болду.
"Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн курстарды, лекцияларды уюштуруп жаттык, салыктын тигил же бул түрү эмнеден улам пайда болорун, салык бардык өлкөдө мамлекеттик саясаттын маанилүү инструменти экенин түшүндүрдүк. Ал кезде ишкерлер товардын, акчанын жүгүртүлүшүн дептерге жазып эсеп жүргүзчү, Салык кызматына келгенде кол менен санап, ведомствонун кызматкерлери менен кайра текшерип чыгышчу", — деп эскерди Асипов.
Маалымдама
Калыпка салынган салык системасы биринчи ирет Байыркы Римде пайда болгон. Байыркы кыргыздар да Евразиянын башка элдериндей эле карамагындагы жашоочулардан салык алып келишкен. Көчмөндөр, мисалы, армияны тамак-аш жана ок-дары менен камсыздоо үчүн салыкты аң-тери, азык-түлүк же курал-жарак түрүндө төлөп келишкен.
Борбор Азияда XIX кылымга чейин салыктар хан казынасына түшкөн мамлекеттик салык жана ири феодалдар алып турган жергиликтүү салык деп бөлүнүп келген. Мамлекеттик салыкка танап, хараж, зекет кирчү, ал эми салыктын өзү мал менен жерге салынып келген.
Танап — түшүмдүн бештен бир бөлүгү, хараж— ондон бир бөлүгү. Ал эми зекеттин соодадан жана малдан алынган эки түрү болгон. Мусулман соодагерлер салыкка товар баасынын 2,5 пайызын берсе, калгандары 10 пайызын төккөн. Ал эми экинчиси малдын базарга чыгарылганынан да, жайытта жайылып жүргөнүнөн да алынган.
Карапайым калк ар түтүндөн үч кой, бир жылкы алына турган аскердик салык да төлөп келген. Мындан тышкары, союш, кошумча, жүргүлүк сыяктуу алымдар алынып, тартуу, өрүлүктөө да кеңири колдонулган.
Ийгилик сыры
30 жыл аралыгында Мамлекеттик салык кызматы бир орунда турган жок, Салык кодекси заман талабына жараша өзгөрүп, салык төлөөчүлөр менен иштөөнүн жаңы ыкмалары иштелип чыгып, башкаруу процесси автоматташтырылды.
Ведомство жетекчисинин айтымында, салыктын көп чогултулушуна процедуранын санариптешүүсү, башкача айтканда, электрондук эсеп-фактуралардын, электрондук коштомолордун, ККМ жана башка инновациялык компоненттердин киргизилиши себепкер болду. Мындан тышкары, коррупцияга каршы жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат ийгиликтүү ишке ашырылууда. Ишеним телефону күнү-түнү иштеп, бизнес коомчулугу менен мамлекеттик органдардын кызматташуусу күчөтүлдү.
Мунун бардыгы биригип келип көмүскө экономиканын кыскарып, салыктын көп чогулушун шарттады.
Былтыр декабрда II Элдик курултай учурунда президент Садыр Жапаров салыкты өлкө өнүгүүсүнө кошкон салым катары кабылдоого чакырган. Ал бизнести көмүскөдөн чыгаруу менен пенсия, жөлөк пул, айлык акыны жогорулатууга, социалдык объектилерди курууга жана чакырымдап жол салууга мүмкүн болгонун белгилеген эле.
"Салыксыз армия күчтөнбөйт, элдин жашоосун жакшыртууга мүмкүн болбойт, медицина, билим берүүнүн сапаты жогорулабайт. Демек, салыкты милдет эмес, өлкө өнүгүүсүнө кошкон салым деп кабыл алалы. Башкача айтканда, кошумча деп билели", — деген Жапаров.
Жакшы жашагың келеби? Салык төлө
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын снариптештирүү боюнча орун басары Нургүл Салиева Кыргызстандын экономикасында өсүш байкалып жатканын белгиледи: өнөр жай ишканалары ачылып, өлкөнүн ИДПсы былтыр 1 триллион сомдон ашты.
"Август айында эле МСК 20 миллиард сом салык согултту. Жыл жыйынтыгы менен 200 миллиард чогултуу пландалып жатат. 2023-жылы бул көрсөткүч 185 миллиард эле", — деди Салиева.
Анын айтымында, салыктын көбөйүшүнө коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөш да бараандуу салым кошууда.
"Санариптешүү көп процессти ачык-айкын кылып, бизнести көмүскөдөн алып чыгууга шарт түздү. Бүгүн жашырынбай иштөө алда канча пайдалуу болуп калды, бул инфраструктура жакшырат, айлык акы менен пенсия көбөйөт деген сөз", — деди Салиева.
Салык чогултуу маселесине элдин көңүлүн буруу үчүн кыргызстандыктар катышкан ири долбоор ишке ашып, былтыр Салык кызматы 2 376 баалуу байге коюлган лотерея ойнотту.
Адистин пикири
Салык консультанттары палатасынын жетекчиси Татьяна Ким өлкө экономикасы чоң секирик жасаганын белгиледи.
"Акыркы үч жыл ичинде экономика дээрлик үч эсеге кескин өстү. Мында ИДП эле эмес, бюджетке түшкөн акча да көбөйдү, бул биринчи кезекте салык жана бажыдан түшөн каражат болду. Чынында бул болуп көрбөгөндөй темп. Мындан тышкары, экономиканын ар кыл тармагында жаңы ишканалар ачылып жатат, кичи ГЭСтен эле канчасы салынды", — деди эксперт.
Ал өсүштүн себеби көп экенин, анткени экономика деген зымга тизгендей түшүнүк эмес экенин эскертти.
"Объективдүү да, субъективдүү да себептери бар, санкцияга да байланыштуу. Албетте, инфляциянын да таасири тиет, ошентсе да өсүштүн себебин жалгыз ушуга байлап коюуга болбойт. Министрлер кабинетинин активдүү позициясы менен салык салуунун заманбап системасынын мааниси чоң болду. Кемчиликтер да бар, бирок убакыттын өтүшү менен алар да жоюлат деп ишенем", — деди Ким.
Ал 1990-жылдан бери салык системасы кыйла өзгөргөнүн белгиледи.
"Айрым салык төлөөчүлөр өзгөрүүлөрдү байкабайт, арызданган учурлар да бар. Бирок 10 эле жылга артка кылчаялычы, Салык кызматына отчетту үйдөн же кеңседен чыкпай туруп электрондук вариантта жөнөтүүгө болорун эч ким элестете да алчу эмес да. Бул башка процедураларга да тиешелүү. Мунун баарына процесстерди автоматташтыруудан улам жеттик. Жаңычылдыктар баарына жагып жатат дегенден алысмын, бирок өнүгүү үчүн абдан эффективдүү инструмент болду", — деди эксперт.
Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы иштин аналитикалык ыкмасына өтүп жатканы өзгөчө кубандырат. Муну менен бирге кызмат салыктын айрым түрлөрүн өзү эсептеп, элге жөнөтүүдө. Башкача айтканда, милдеттенмелерин кеңейтип жатат.
"Кыргызстандыктар бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу салык жүктөмү жеңилирээк экенин түшүнүшү керек. Европа мамлекеттеринде пайдадан түшкөн салык менен киреше салыгы 40-50 пайызга чейин жетиши мүмкүн, бизде болгону 10 пайызды түзөт. Кошумча нарк салыгы 26-28 пайызга чамалап барса, бизде 12 пайыздын чегинде. Бирок кошумча нарк салыгы биздин салык системабызга жакшы коошпойт, келечекте алып салынса керек", — деди Ким.
Салык төлөөчүлөрдү жакшы көрүү керек
МСК төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов ведомство жүргүзүп жаткан негизги реформалардын максаты бизнес-процесстерди жаңы технологиялардын жардамы менен жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү экенин айтты.
"Санарип кызматтарды киргизип коюу жетишсиз, аларды эл колдонгудай болушу керек. Аздыр-көптүр экономиканын көмүскө секторун калыпка келтиргендей болдук, ал эми анализ үчүн маалыматтар көбөйгөндө текшерүүгө чейин эле тобокелчилик жараткан объектини аныктоого мүмкүн болуп калды. Бүгүн, мисалы, 100 текшерүүдөн 95 пайыз эреже бузуулар аныкталууда, буга чейин көрөткүч 3-4 пайыздын тегерегинде болчу", — деди Кыдыргычов.
Ал бул жаатта өлкө бийлигинин колдоосу жакшы болуп жатканын белгиледи.
"Мыйзам чыгарууда өтө чоң жумуш жасалды. Мисалы, көп талап мурда деле бр болчу, бирок аткарылбай келген. Абалды изилдеп, ставкаларды төмөндөтүп, жеңил өнөр жайы сыяктуу маанилүү тармакка преференцияларды бердик. Экспортко багыт алган "Дордой", "Кара-Суу" сыяктуу базарлар үчүн минималдаштырылган ставка бекитилди", — деди төраганын орун басары.
Кыдыргычов ведомствонун ишинде, өзгөчө тейлөө жаатында айрым кемчиликтер да бар экенин белгиледи.
"Негизи бөлүмгө салык төлөөчү келгенде кучак жайып тосуп алуу керек, бирок "бирдиктүү терезенин" айрым адистеринин тейлөөсү талапка жооп бербейт. Бул багытта иштеп жатабыз. Жакынкы жылдары электрондук системаларды интеграциялоону пландап жатабыз, бул кыргызстандыктардын өз каттоосунун алкагында иштеп, отчет менен декларациясын автоматтык түрдө тапшырууга мүмкүндүк берет. Чакан жана орто бизнести колдоочу механизмдерди, алардын өнүгүүсүнө шарт түзө турган преференцияларды киргизүү пландалып жатат", — деди ал.
Адис башка мамлекеттердин тажрыйбалары тууралуу айтып жатып, бир тиркеме менен каалаганын сатып да алган, салык да төлөп келген Кытайды мисалы келтирди.
"Биз да бул багытта иштеп, банктар менен маалымат алмашуунун алгоритмдерин иштеп чыгуудабыз. Серверлерибизде электрондук системалардын маалыматтары пайда болгондо мамлекеттик бюджетти азыркыдан эффективдүүрөөк анализдеп, толуктоого жол ачылат. Башкача айтканда, кардарга көзөмөл-кассалык чек берилбейт, бардыгы автоматташтырылып, акча QR-код аркылуу төлөнүп калат. Маалымат менен дароо алмашуу — жумушубуздун багытынын жаңы вектору", — деди Кыдырчов.
Сөз соңу
Баарыбыз эле өнүккөн өлкөлөрдүн турмушуна суктанып, социалдык кызматтардын, транспорт инфраструктурасынын, экология, коопсуздук, саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн мисал кылып келебиз. Бирок көбүбүз алар жашоонун мындай жогорку деңгээлине экономикасынын өнүгүүсүнөн эле эмес, бузсаң катуу жазалана турган салык мыйзамдарынын дыкат сакталышынан улам жеткенин ойлонбойбуз.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн калкы үчүн жөнөкөй, ачык-айкын жана ыңгайлуу салык төлөө системасын түзүүгө, бизнес активдүү өнүгүп, мамлекет экономиканы колдоп, жол салып, мектеп, бала бакча, инфраструктура куруп, социалдык милдеттерин кабагым-кашым дебей аткаруусуна шарт түзүүгө умтулуп келет. Формула жөпжөнөкөй, бирок анын кынтыксыз иштөөсү үчүн салык — жаза эмес экенин, МСК — жазалоочу орган эмес экенин аңдап түшүнүү керек. Мамлекет — буз бизбиз, ал эми анын өнүгүүсү элдин колдоосунан тикелей көз каранды.