Оштогу "Коопсуз шаардын" камералары эреже бузган жөө адамдарды да тартат

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы "Коопсуз шаардын" камералары жөө адамдардын эреже бузган учурларын да тартат. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Ошондой эле айдоочу, жүргүнчү коопсуздук курун тагынбаса эреже бузуу болуп катталат. Бишкек менен Чүйдө мындай эреже бузуулар азырынча камерага түшпөйт.
Буга чейин мессенжерлерде айдоочуларга коопсуздук куру, жөө адамдарды өткөрбөй койгондо да "Коопсуз шаардын" камераларына тартыла баштаганы тууралуу маалымат тараган.
Эске салсак, бул долбоор толугу менен ИИМге өтүп, аталган министрлик камералар бардык аймактарга коюларын эскерткен.
ИИМ башчысы: "Коопсуз шаар" системасы өлкөнүн бардык аймагында ишке киргизилет