Радио

Жол эрежесин одоно бузган 30 автобус айдоочусу иштен кетти

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров, мэр баш болуп коомдук транспорт менен каттап, тейлөөнүн сапаты катуу көзөмөлдөнүп жатканын айтты.
Sputnik
Жаңы автобустар айдоочуларга "жакшы колдонгула" деген талап менен тапшырылып жатат. Автобустун абалы, тейлөөнүн сапаты байма-бай текшерилип турат. Бул тууралуу Талант Капаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бир айда 3-4 жолу пландык рейд жүрүп, коомдук транспорттор текшерилет.
"Мэрдин тапшырмасы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер шейшемби, бейшемби күндөрү өзүбүздүн жеке автоунааларды токтотуп, коомдук транспорт менен жумушка келебиз. Мэр баш болгон мамлекеттик кызматкерлер коомдук транспортко түшкөндө ошол жерде эмне маселе болсо, видео же сүрөткө тартып кабарлайбыз. Маселе дароо чечилет. Азыр мамлекет жакшы колдоп жаңы автобустар алынып жатат. Биз айдоочуларга "бул аманат, жакшы айдап пенсияга чыгып кетсең болот" деп жатабыз. Рейдге чыгып троллейбус, автобустардын тазалагын, накталай эмес төлөмгө түзүлгөн шартты, аялдамаларга кандай токтоп жатканын текшеребиз. Эгер туура эмес токтосо ошол жерден эле видеого тартып, тартиптик комиссияга беребиз. Эреже бузган айдоочуларга премиядан ажыратуу, айлыгын кыскартуу, эскертүү, сөгүш берүү, жумуштан кетирүү сыяктуу жазалар колдонулат. Айдоочу жол чырагы кызыл күйгөндө өтүп кетип же каршы тилкеге чыккан болсо, ошого жараша чара көрүлөт. Аларды далилдер менен жол инспекторлоруна тапшырып, андан сырткары тартиптик комиссия тарабынан каралып жумуштан кетирүүгө чейинки жазалар көрүлүүдө. Жалпы 2600 айдоочу бар. Быйыл жол эрежесин одоно бузган 30дай айдоочу кызматтан кетти, ушундай эреже бузган дагы 30дай айдоочунун иши каралууда. Катуу чаралар көрүлүп жатат, себеби адам өмүрү баарынан кымбат", — деди Капаров.
Ошондой эле ал жакшы иштеген айдоочуларга сыйлыктар берилип, үлгү тутуларын кошумчалады.