Сузакта Жогорку Кеңешке мөөнөтсүз шайлоо аяктады. АСУ жыйынтыгы

Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо аяктады.
АСУнун маалыматы боюнча, Алтынбек Кылычбаев алдыда бара жатат. Ал добуштардын 48 пайыздан ашыгын алган. Добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары учурда бардык шайлоо участкаларында жүргүзүлүп жаткан добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат.
БШК жеңүүчүнү 5-октябрга чейин жарыялашы керек.
Белгилей кетсек, шайлоочулар өнөктүккө активдүү катышкан эмес. Тагыраагы, келгендердин саны 20 пайызга да жеткен жок.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Тазабек Икрамов 19-июлда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.
Мандат көбөйөт. Жергиликтүү кеңештерге тиешелүү мыйзамдар үч окуудан өттү