БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Түштүк Африка Республикасында күтүүсүз жааган кардан улам жолдор жабылып, коммуналдык кызматтардын иши үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу "Российская газета" жергиликтүү ЖМКларга шилтеме кылып кабарлады.
Квазулу-Натал ооданындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бийлик аскерди тартууну пландап жатканы айтылды. Бул иштер синоптиктердин кардын күч алышын эскертүүсү менен коштолууда.
Жолдордо камалып калгандарга гуманитардык уюмдар жардам берүүдө. Бул жаратылыш кубулушу аталган континентте акыркы 10 жылда экинчи жолу кайталанууда.